Коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 токтому менен бекитилген "Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору чыгарылууда. 

Долбоор "Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Аталган долбоорго карата сунуш-пикирлерди 2016-жылдын 6-июнуна чейин Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн дарегине жана eboobekov@nbkr.kg электрондук даргенине жиберүү керек.