Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 6 пайызга чейин төмөндөттү 

 

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 30-майында эсептик чен өлчөмүн 200 базистик пунктка, 6,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2016-жылдын 31-майынан тартып күчүнө кирет. 

Акча-кредит саясатынын буга чейин кабыл алынган чараларынын таасири өлкөдө инфляция деңгээлинин төмөндөшүнөн көрүнүүдө. Төмөндөшүгө азык-түлүк товарлар тобунун наркынын арзандашы жана ички керектөө талабынын басаңдашы түрткү берген. 2016-жылдын май айында (20сына карата) инфляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,4 пайыздан төмөндөп отуруп, 0,2 пайызды түзгөн. 

Кыргызстандын экономикасына тышкы чөйрөнүн тийгизген таасири бир түрдүү эмес бойдон калууда. Бир жагынан алганда, тышкы рыноктордо азык-түлүккө жана чийки заттарга туруктуу төмөн баанын сакталып турушу ички азык-түлүк баасына токтотуучу мүнөздө таасир эткен. Экинчи жагынан, соода боюнча негизги өнөктөш-өлкөлөрдүн экономикалык абалы да жергиликтүү продукцияга сырттан суроо-талаптын кыскарышына алып келүүдө

Ички керектөөнүн азайышы жана инвестициялардын кыскарышы сырттан суроо-талаптын басаңдашы жана өлкөдөгү ири алтын кенин казып алуу “Кумтөр” ишканасындагы продукция чыгаруу көлөмүнүн азайышы менен бирге, 2016-жылдын январь-апрель айларында өлкө экономикасынын 4,9 пайызга төмөндөшүнө алып келген. “Кумтөрдү” эске албаганда, өсүшкө жетишилген эмес. Талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана акча-кредит саясатын иштеп чыгууда “Кумтөрдү” эске албаганда, айкын ички дүң өнүмдүн мааниси Улуттук банк үчүн орчундуу көрсөткүч болуп саналат. 

Инфляциялык басымдын төмөндүгү, экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн алсыздыгы шартында, орто мөөнөткө инфляция динамикасынын болжолдоолорун эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди төмөндөтүүнү улантуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим инфляциялык тобокелдиктер төмөн болуп турган шартта, экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүү чараларын колдоого өбөлгө түзөт. 

Керектөө баасынын өсүшүнүн басаңдашына суроо-талаптын салыштырмалуу алсыздыгы жана дүйнөлүк азык-түлүк баа динамикасынын туруктуулугу түрткү берет. Ички айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүнүн алгылыктуу өсүш арымынын сакталышы ушул факторлорго дем берүүгө тийиш. 

Улуттук банк инфляцияга тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берүүнү улантып, инфляция деңгээлин Акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган 5-7 пайыз чегинде орто мөөнөт мезгилде чектеп туруу максатында тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзөт. 

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси кароого алган кийинки отуруму 2016-жылдын 27-июнуна пландаштырылган.