Кыргыз Республикасынын "Кредиттик маалыматтар менен алмашуу жөнүндө" мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелери иштелип чыгып, коомдук талкууга сунушталууда. 

Долбоор Улуттук банктын расмий веб-сайтынын Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2016 - жылдын 30-июнунан кечиктирбестен жөнөтүүнү, ошондой эле ntashbekova@nbkr.kg электрондук дарегине Word форматында жиберүүнү өтүнөт.