Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобону бекитуу туралуу" 2011-жылдын 27-апрелиндеги №40/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылат. Бул долбоор жүгүртүү каражаттардын келип чыгышын тастыктаган документтерди тапшыра албаган жактарга лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан. 

Бул токтом долбоору мамлекеттик жана расмий тилде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтынын "Улуттук банктын ченемдик актылары / Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүмүндө жайгаштырылган.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2016-жылдын 30-июнуна чейин nbugubaeva@nbkr.kg электрондук дарегине жиберүүнүздөрдү өтүнөт.