Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2016-2020-жылдарга каралган программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилди  

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбеков тиешелүү токтомго 2016-жылдын 15-июнунда кол койду. Документ Өкмөттүн сайтында жарыяланып, программа менен бирге эле аны жүзөгө ашыруунун биринчи баскычы боюнча иш-чаралар планы бекитилди.  

Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын финансы маселесин чечүүгө карата көз карашын өзгөртүү жана алардын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Аталган документке ылайык, иш-чаралар планын аткарууга тартылган министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, башка аткаруу бийлик органдарына иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшүнө тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштап туруу тапшырылды.  

Калктын финансылык жана инвестициялык сабаттуулугун жогорулатуу көптөгөн мамлекеттердин биринчи кезекте көңүл бурулууга тийиш болгон стратегиялык милдеттерине кирет. Бул темага өзгөчө көңүл бурулат, анткени ал финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо менен ажырагыс байланышта. Улуттук банк финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын демилгечиси, негизги иштеп чыгуучуларынын бири болуп саналат. Мындан ары да документте каралган айкын иш-аракеттер планын жүзөгө ашырууда негизги роль ага таандык.  

Өлкөнүн борбордук банкы катары Улуттук банктын негизги иш максаты баа туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу. Мында улуттук валютаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөм системаларынын коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу, мына ушул негизги иш максатына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдеттен болуп саналат. Ал эми калктын финансылык сабаттуулук деңгээли банк системасынын финансылык кудуреттүүлүгүн бекемдөө, өлкөнүн социалдык жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылуудагы маанилүү факторлордун бири. 

Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов: “Программа үй-бүлөнүн жана жеке адамдын финансы маселесин чечүү, экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка жетишүүдө мамлекет менен жарандын бирдей таламды көздөп, бул маселеде алардын жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүгө негизденген финансылык сабаттуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө жетишүүгө тийиш болгон максаттарды жана милдеттерди алдыга коет. Ал финансылык сабаттуулукка жетишүү аркылуу Кыргыз Республикасынын финансы рыногун талаптагыдай жөнгө салуу чараларын алмаштырбайт, аларды толуктайт. Биз программаны ишке ашыруунун натыйжасында сабаттуу жаш муунду тарбиялоого, жеке каражатты натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга үйрөнүүгө жана финансылык инструменттерди сапаттуу пайдаланууну жакшыртууга жетишебиз деген терең ишенимдебиз”- деп белгиледи.