Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарды колдонуу боюнча кызматтарды сунуштоо үчүн «American Express Limited» компаниясы эл аралык төлөм системанын реестринде катталды. 

 

Эл аралык төлөм система «American Express Limited» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосун өттү. Реестрде 400421062016 каттоо номери ыйгарылган. 

Бүгүнкү күнгө карата бул Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында катталган банктык төлөм карттарды колдонуу боюнча кызматтарды сунуштаган 4-чу эл аралык төлөм системасы. Андан мурун, төмөнкү эл аралык төлөм системалар каттоодон өтүштү: «MasterCard Incorporated», «Union Pay International Co.Ltd» и «Золотая Корона». 

 

Маалымат үчүн: 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун 60 пунктуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 9-декабрындагы №76/8 токтому), Эл аралык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасына Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эле Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып баруусуна тыюу салынат.