Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун ортосунда өз ара иш алып баруу келишимине кол коюлду 

 

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу башкармасынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 2016-жылдын 24-июнунда өз ара иш алып баруу келишимине кол коюшту. 

Келишим, Улуттук банк менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун ортосунда эки тараптуу маалымат алмашуунун пайдубалын түптөйт. Өлкөнүнү финансы секторун өнүктүрүүдө аталган Фонддун таасирдүүсалымын эске алганда, тараптардын биргелешкен күч-аракети өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында кызматташып иш алып барууну бекемдеп, көрүлүп жаткан аракеттерди бир нукка бурууга багытталат. Келишимге кол коюу кыргыз экономикасынын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иш алып баруу шарттарына ыңгайлашып, ага толук аралашуусу үчүн кезектеги кадам болуп саналат. 

Буга чейин эки финансылык институт ортосунда Фондго 3 миллиард сом жалпы суммасында кредит бөлүү макулдашуусуна жетишилген эле. Учурда, 1 миллиард 680 миллион сом суммасында каражатдоллар түрүндөгү ресурсту күрөөгө коюу алдында сунушталып, фонд менен өнөктөштүктө иштеп жаткан банктар аркылуу өздөштүрүлүүдө

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун сом түрүндө кредиттөө линиясын жөнгө салуу демилгеси улуттук валютада кредиттик каражаттарды алууга кызыкдар болгон чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн колдоого багытталган.  

 

Маалымат үчүн: 

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2014-жылдын декабрь айында, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, ошондой эле Фондго мүчө өлкөлөр ортосунда экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында түзүлгөн эл аралык уюм болуп саналат.