Пресс-релиз  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 6 пайыз деңгээлинде калтырды  

 

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 27-июнунда эсептик чен өлчөмүн 6,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2016-жылдын 28-июнунан тартып күчүнө кирет. 

Буга чейин кабыл алынган акча-кредит саясатынын чаралары Кыргыз Республикасында инфляция төмөнкү арымда сакталып калышына өбөлгө түзүүдө. Июнь айында (10нуна карата) инфляция жылдык туюндурууда 1,5 пайызды түзгөн. Инфляциялык процесстердин басаңдашы азык-түлүк жана энергия продукциялары рыногунда баанын төмөндүгү жана ички жана тышкы суроо-талаптын азайышынын дефляциялык таасири алдында жүрүүдө

2016-жылдын январь-май айларында экономиканын төмөндөшү 4,0 пайызды түзгөн эле, бирок жылдын январь-апрель айындагыга салыштырганда төмөндөө басаңдаган. Өндүрүш тармагында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү кыскарууда, бул эң башкысы, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүштүн солгундашы кесепетинен улам жүрүүдө. Бул ишканаларды эске албаганда, экономиканын өсүшү 0,5 пайызды түзгөн. Акча-кредит саясатын иштеп чыгуу жана ага талдап иликтөөлөрдү жүргүзүүдө “Кумтөрдү” эске албаганда, айкын ички дүң өнүмдүн мааниси эң эле далилдүү көрсөткүч болуп саналат. 

Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу сакталууда. Улуттук валюта-сом жыл башынан бери (27-июнга карата) 11,3 пайызга бекемделген. 

2016-жылдын май айында экономиканын реалдуу секторуна өбөлгө түзүүчү чараларды колдоого багытталган Улуттук банктын пайыздык чендерди (саясаттын чендери) төмөндөтүшү банктар аралык кредит рыногунда чендердин төмөндөшүнө түрткү берген.  

Орто мөөнөткө каралган инфляцияны болжолдоолорду эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн калтыруу чечимин кабыл алды. Инфляциялык тобокелдиктер күч албаган шартта бул чечим экономиканын реалдуу секторуна андан ары өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет.  

Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорго баа берип, инфляция деңгээлин акча-кредит саясатынын негизги багыттарында орто мөөнөттүк мезгил үчүн аныкталган 5-7 пайыз чегинде чектеп туруу максатында тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантат. 

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2016-жылдын 29-августуна пландаштырылган.