2016-жылдын 28-июнунда Чолпон-Ата шаарында ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын персоналын окутуунун алкагында “ФОЭС талабына ылайык жылдык финансылык отчетту түзүү тажрыйбасы” темасында семинар өз ишин баштады.  

Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы семинардын уюштуруучусу жана модератору катары иш алып барат. Россия Федерациясынын борбордук банкынын, Белорусь Республикасынын Улуттук банкынын, Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү семинардын катышуучусунан болуп саналат.  

Улуттук банктын кызматкерлери атайы баяндамаларды жасап, башка борбордук банктардын өкүлдөрү бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчетторду түзүү жагында өз ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Семинардын жүрүшүндө бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүнүн төмөнкүдөй актуалдуу маселелери талкууга алынышы болжолдонууда: 

- Финансылык отчетту даярдоонун негизги принциптери; 

- Бухгалтердик эсепке алууну автоматташтыруу; 

- Жаңы стандарттар: ФЭОС (IFRS) 9;  

- Финансылык отчетту даярдоодо орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктер боюнча маалыматтарды чечмелөө

- Бухгалтердик эсепке алуудагы операциялык тобокелдиктерди тескөө системасы. 

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга тиешелүү сертификаттар берилет.