Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 1-июлунан тартып акча алмаштыруу бюролорунан отчетторду чогултуучу атайын портал расмий түрдө ишке киргендигин маалымдайт. Отчеттор күн сайын бекитилген талаптарга ылайык тапшырылбаса Улуттук банк эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга, ошону менен бирге лицензияны кайтарып алууга аргасыз болорун эскертет.