Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2016-жылдын 14-июлунда кабыл алынган №29/4 токтомуна ылайык "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобонун 9-пунктунун "б"-пунктчасынын аракети 2016-жылдын 31-декабрына чейин токтотулган. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган жана ал расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин, башкача айтканда 2016-жылдын "02"-августунан тартып күчүнө кирет. Бул токтомго ылайык, алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга документтер 2016-жылдын 31-декабрына чейин берилген учурда жүгүртүү каражаттардын келип чыгышы тууралуу маалыматтарды өтүнмө ээлери Улуттук банкка тапшырбоо мүмкүнчүлүгү каралган. 

Бул ченем нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууну жөнөкөйлөтөт жана накталай чет өлкө валютасын алмашуу чөйрөсүндө лицензиясыз иш алып баруу маселесин чечүүгө багытталган.