Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2008-жылдын 25-декабрындагы №27/3 "Даяр турак жайды сатып алууга берилген кредиттерди стандартташтыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу" (мындан ары - Сунуш-көрсөтмөлөр) токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө долбоор бекитилди.  

Толуктоо калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарынын жашоо шарттарын жакшыртууга жана турак жай менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында, Сунуш-көрсөтмөлөрдө белгиленген, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү коэффициенттерин кайра карап чыгуу жагында киргизилген.