Казакстан Республикасынын жүгүртүүдөгү улуттук валюта банкноттору - теңгени алмаштыруу жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарды Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жайгаштырылган маалыматка ылайык, 2016-жылдын 3-октябрынан тартып 2006-жылы чыгарылган үлгүдөгү 2000, 5000 жана 10000 теңге номиналындагы банкноттор Казакстан аймагында жүгүртүлүшүн аяктаары жөнүндө маалымдайт. Белгиленген күнгө чейин бул банкноттор мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, алар Казакстан Республикасынын бардык аймагында төлөмдөр жана банктык операциялар үчүн чектөөсүз колдонулат.  

12 ай ичинде 2016-жылдын 4-октябрынан тартып 2017-жылдын 3-октябрын кошо алганга чейин жогоруда көрсөтүлгөн банкнотторду экинчи деңгээлдеги кайсыл болбосун банкта алмаштырууга болот. 

Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын бардык филиалдарында жогоруда көрсөтүлгөн банкноттор 2020-жылдын 3-октябрына чейин акысыз алмаштырууга кабыл алынат, алмаштыруу үчүн комиссия же төлөм алынбайт.  

Тиркеме: 2016-жылга карата жүгүртүүдөгү улуттук валюта банкнотасын - теңгени алмаштыруу жөнүндө маалыматтык билдирүү - 2 б. турат