Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган ФКМ, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдарынын ишинде колдонулган терминдер 

 

Улуттук банктын расмий сайтынын Коомдук кызмат көрсөтүүлөр/маалымдоо бөлүгүндө финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар үчүн Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдарынын ишинде колдонулган терминдер жайгаштырылды.  

Терминдер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2012-жылдын 27-декабрындагы буйругу менен түзүлгөн Терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу тобу (2015-жылдын 4-мартындагы №10 протокол) жана Улуттук банктын Методологиялык комиссиясы тарабынан (2016-жылдын 13-июлундагы чечими) бекитилип, банк ишинде колдонулган терминдерди бирдейлештирүү максатында такталып, иш процессинде мамлекеттик жана расмий тилде колдонуу үчүн сунушталган. 

Бул саамалык, Улуттук банктын бир катар жылдардан бери ушул багытта жүргүзүп келген иш жыйынтыгы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн 20142020-жылдарга каралган улуттук программанын” талабын аткаруунун алкагында Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланууда.