Улуттук банктын жана төлөм системалары рыногунун өкүлдөрү жакынкы жылдарга карата тармактын өнүгүүсүн талкуулашты 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын негизги катышуучулары, анын катарында Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, ошондой эле акча которуу системасынын операторлору менен мамлекеттик органдардын биргелешкен жыйыны бүгүн, 2016-жылдын 23-сентябрында, Дүйнөлүк банктын демилгеси менен өткөрүлдү.  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2018-2020жылдарга карата өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу алкагында, Улуттук банк менен Дүйнөлүк банк биргеликте келечектеги улуттук төлөм системасынын, анын компоненттеринин жана инфраструктурасынын өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо максатында семинар өткөрдү

Иш-чаранын катышуучулары экономикалык жана финансылык ишмердүүлүктүн өнүгүшүн, финансылык туруктуулукту жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн калкка, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында, жеткиликтүү кылууну камсыз кылууда төлөм жана эсеп системасынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.  

Бүткүл дүйнөдөгү инновациялык технологиянын ылдамдык менен өнүгүүсүнүн шартында, өлкөнүн төлөм рыногунун бардык катышуучуларынын тапшырмаларын жана максаттарын түшүнүү жана жакшылап кабыл алуу максатында, семинардын катышуучулары учурдагы проблемаларды, анын ичинде улуттук төлөм системасынын өнүгүшүн чектеп жаткан, ошону менен бирге нак эмес төлөм жүргүзүү жана өлкөнүн төлөм системасынын келечектеги “жол картасынын” өнүгүшү тууралуу маселелерди талкуулашты. Эксперттер инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү аркылуу өлкөнүн төлөм системасынын күчтүү жактарын күчөтүү керек деген пикирди айтышты.  

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү республика тарабынан улуттук төлөм системасынын жайылышына карата жасалып жаткан аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, жакынкы үч жыл аралыгында Кыргыз Республикасындагы төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу үчүн ушундай форматтагы жолугушууларды өткөрүүнү уланта берерин билдиришти.