Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 6 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 26-сентябрында эсептик чен өлчөмүн 6,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2016-жылдын 27-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында өтүп жаткан мезгил аралыгында дефляциялык процесстер байкалууда. Сентябрь айы ичинде (16сына карата) баанын жалпы деңгээли жылдык туюндурууда 0,4 пайызга төмөндөгөн. Акча-кредит чөйрөсүндө буга чейин кабыл алынган чечимдер, ошондой эле тышкы рыноктордо (Россия жана Казакстандын буудай рынокторунда, дүйнөлүк негизги азык-түлүк рынокторунда түптөлгөн алгылыктуу жагдай) сыяктуу эле, ички рынокто (айыл чарба секторунда өндүрүмдүүлүктүн өсүшү) азык-түлүк товарларын сунуштоо фактору мына ушундай жагдайдын түптөлүшүн шарттаган. Ички керектөөнүн төмөндөшү керектөө баасынын өсүшүнө чектөө мүнөзүндө таасир эткен.  

Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк күч алууда. 2016-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасы 0,4 пайыздык өсүшкө ээ болгон, ал эми 2016-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча 1,2 пайызга төмөндөө байкалган эле. Кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүштүн төмөндөшү, айрыкча «Кумтөр» ишканаларында өндүрүш көлөмүнүн басаңдашы жана жергиликтүү продукцияга суроо-талаптын солгундашы экономиканын өсүшүнө тоскоолдук кылган фактор бойдон калууда. «Кумтөр» ишканаларындагы өндүрүш көрсөткүчтөрүн эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,1 пайызды түзгөн. Акча-кредит саясатын иштеп чыгып, ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө «Кумтөрдү» эске албагандагы, айкын ички дүң өнүмдүн мааниси кыйла көрсөткүчтүү болуп саналат.  

Улуттук банктын валюта саясаты алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салып, текшилөөгө багытталган. Жыл башынан бери (23-сентябрга карата) сом 9,4 пайызга чыңдалган. Ички валюта рыногунда да туруктуу жагдай бекемделүүдө.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, жакынкы айларда инфляциялык жагдай сакталып калганы менен экономиканын жигердүүлүгүнүн артышы бекемделип, инфляциялык тобокелдиктер жогору болбогон шартта, эсептик чендин колдоого алынган өлчөмү дефляциялык чөйрөнү чектөө аркылуу болжолдонуп жаткан аралыкта жылдык инфляция максаттуу көрсөткүчкө кайтып келет.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берүүнү улантып, инфляцияны Акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган, орто мөөнөткө каралган келечекте 5-7 пайыз сандык көрсөткүч чегинде чектеп туруу максатында тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзөт.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүнө тиешелүү маселеге арналган кийинки отуруму 2016-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган.