2016-жылдын 29-сентябрынан баштап банктык операцияларды лицензиясы же күбөлүгү жок жүргүзгөндөргө карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам күчүнө кирет 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы 2016-жылдын 29-сентябрынан баштап күчүнө киргендигин маалымдайт.  

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30, 357, 358, 359-беренелериндеги администрациялык жоопкерчиликтерге тийиштүү. Атап айтканда, жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө лицензиясыз же күбөлүксүз банк операцияларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн, төмөнкүдөй өлчөмдө айыптык төлөмдөр өндүрүлө тургандыгы такталган:  

- жарандардан 100 000 сом; 

- кызмат адамдарынан 150 000 сом; 

- юридикалык жактардан 250 000 сом; 

банк мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн: 

- жарандардан 20 000 сом; 

- кызмат адамдарынан 50 000 сом; 

- юридикалык жактардан 100 000 сом. 

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин азыркы редакциясына ылайык лицензиясыз иш алып барууга 1 500 сомго чейин жана банк мыйзам талаптарын бузууга 5 000 сомго чейин айып салынат. 

Банктык бардык операциялар, чет өлкө валютасы менен жүргүзүлүүчү операциялар дагы (алмаштыруу бюролордун иши кошо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы же күбөлүгү болгон шартта гана жүзөгө ашырылышы жана мыйзам бузуучулар Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга карата айып салына тургандыгы туралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирет.  

Банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызыкчылыгы бар жактар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына банктык операцияларды ишке ашыруу боюнча укук берүүчү лицензия же күбөлүк алуу маселеси менен кайрылса боло тургандыгын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт. 

Лицензия же күбөлүк алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында www.nbkr.kg жайгашкан Кыргыз Республикасынын укук жана ченемдик актыларга ылайык документтерди даярдап, арыз жазуу зарыл. 

Лицензия же күбөлүк алуу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн Улуттук банкка 0 312 66 92 55 жана 0312 66 92 54 телефондору боюнча кайрылууга болот.