1. Улуттук банк Башкармасынын чечими менен коммерциялык банктардын ликвиддүүлүк ченемдерин эсептөөгө тиешелүү "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор" долбоору жактырылган. 

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор коммерциялык банктардын кыска мөөнөттүү жана дароо толукталуучу ликвиддүүлүк ченемдерин эсептөөнү өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.  

Долбоор коомдук талкууга алынышы максатында Улуттук банктын расмий сайтынын Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ушундан улам, долбоор боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды 2016-жылдын 14-ноябрынан кечиктирбестен сунуштоону, ошондой эле gegizova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз. 

2. Улуттук банк Башкармасынын чечими менен "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор" долбоору жактырылган. 

Долбоор, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Өзгөртүүлөрдө кредиттик союздардын кредиттик бюролорго кредиттик маалыматты берүү талаптары, ошондой эле кредиттик маалымат алмашууда мындай маалыматтардын ишенимдүүлүгү, өз убагында берилиши жана купуя сакталышы үчүн жоопкерчилик каралган. 

Мындан тышкары, долбоордо кардардын айыптык санкцияларсыз каржылоону мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу, форс-мажордук жагдайлар орун алган учурда кредиттик союз менен кардар ортосунда өз ара иш алып баруу шарттары, ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейин күрөөлүк мүлктү сатып алууга кардардын артыкчылыктуу укугу жана каржылоо алууга билдирмелерди кароо мөөнөтүн аныктоо каралган. 

Долбоор коомдук талкууга алынышы максатында Улуттук банктын расмий сайтынын Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ушундан улам, долбоор боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды 2016-жылдын 14-ноябрынан кечиктирбестен сунуштоону, ошондой эле eaidarov@nbkr.kg электрондук дарегине (MS Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.