Жыйым топтоо жумалыгы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Германиянын аманат кассалар фондусу менен биргеликте ар жылы 30-октябрда белгиленип келген Дүйнөлүк жыйым топтоо жумалыгынын алкагында иш-чараларды өткөрүү программасын даярдады. Программанын чегинде борбор калаабыздын төрт орто мектебинде лекциялар өткөрүү пландаштырылып, анын жүрүшүндө долбоордун эксперти Инна Мазур жогорку класстын окуучуларына жана мугалимдерине акчаны кантип үнөмдөө жана акча топтоо эмне үчүн маанилүү экендини жөнүндө кеңири баяндама бериши күтүлүүдө

Бишкек шаарынын №67 орто мектебинде 5-октябрда мектеп окуучулары үчүн финансылык сабаттулук боюнча алгачкы жолугушуу өткөрүлдү

Жумалыктын алкагында мектеп окуучулары коммерциялык банктардын иши менен жерине барып таанышуу, Улуттук банктын музейинде болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Келерки 2017-жылы жаш жеткинчектер жана алардын ата-энелери үчүн иш-чараларды караган ачык эшик күндөрү, тандалып алынган 5 пилоттук коммерциялык банкта: «Компаньон», «Айыл банк» «РСК банк», «ФИНКА БАНК» жана «Дос-кредо Банкында» өткөрүлөт. Октябрь айынын акырында аталган банктар бул багытта алгачкы иштерди жүргүзө баштайт.  

Улуттук банк Германия фондусу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы №319 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттулугун жогорулатуу боюнча 2016-2020-жылдарга каралган программанын» алгачкы баскычын аткаруу боюнча иш-чаралар планын алкагында төмөнкүдөй бир катар иштерди аткарууга жетишкен: 

2016-жылдын 6-июнунан 1-июлга чейинки аралыкта Бишкек шаарынын жана Чүй областынын орто мектептеринин 25 мугалими финансылык сабаттуулук боюнча окуу курстарынан өтүп, тиешелүү тест тапшырышып, натыйжада 18 тренер-мультипликатор мугалимдер сертификатка ээ болушкан 

Бишкек шаарынын орто мектептеринин мугалимдери үчүн «Адам жана коом»/ «Адептүүлүк»/«Экономикага киришүү» интеграциялык окуу курсунун алкагында финансылык сабаттуулук боюнча курстун бет ачары өткөрүлгөн.  

Учурдан пайдаланып, бардыгыңыздарды Дүйнөлүк жыйым топтоо жумалыгына арналган иш-чараларга жигердүү катышууга үндөп кетмекчибиз.