Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол беришине байланыштуу, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы №10/7 токтому менен бекитилген “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун 13-пунктунун негизинде Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети «EPAY» (ИПЭЙ) ЖЧКсынын төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү укугуна лицензиясын 2016-жылдын 24-октябрынан тартып кайтарып алуу чечимин кабыл алды: 

өз иш натыйжасынан болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөм өткөрүүнүн башка ыкмаларына негизделген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.