2016-жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында Евразия кеңешинин борбордук (улуттук) банктарынын 35-отуруму болуп өттү. Отурумда Армениянын, Белорусиянын, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын борбордук (улуттук) банктарынын жана Мамлекеттер аралык банкынын өкүлдөрү катышышты.  

Анын жүрүшүндө банк ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланды. Тагыраак айтканда, акча-кредиттик саясатынын негизги багыттары, микрокредиттик (микрофинансылык) уюмдардын жана банктык эмес мекемелердин ишин жөнгө салуу, системалык негизги жана маанилүү төлөм системаларынын операторлорунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу сыяктуу бир катар орчундуу суроолор ортого салынды.  

Отурумдун жыйынтыгында талкууланган суроолор боюнча Кеңештин чечимдери камтылган Протоколго кол коюлду.