Улуттук банк «Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу» долбоорунун алкагында тренинг өткөрдү  

 2016жылдын 29ноябрынан 2декабрына чейин Улуттук банктын өкүлдөрү жана коммерциялык банктардын кредиттик адистери үчүн «Агрокредитөө. Германиянын натыйжасы прктикалык мисалдар» темасында тренинг өткөрүлдү. Бизнести каржылоо секторунда Германиянын агрокредиттөө жана аманат кассаларынын тажрыйбалары жөнүндө суроолор семинардын катышуучуларынын кызуу талкууга алынды. 

«Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу» семинары Германия Сактык кассасы фондунун каржылоосунун негизинде долбоордун эксперти Артур Клаузер тарабынан өткөрүлдү