“Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясы, Улуттук банктын жетекчилиги жана өлкөнүн микрокаржылоо секторунун банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин негизги оюнчулары микрокаржылоо секторун андан ары өнүктүрүүдө орун алып жаткан көйгөйлөрдү жана орчундуу маселелерди талкуулашты. 

Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында микрокаржылоо уюмдар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ага Улуттук банктын, микрокаржылоо уюмдарынын, айрым коммерциялык банктардын жана Кредиттик союздар ассоциациясынын өкүлдөрү катышкан «Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерин өнүктүрүү тенденциясы» темасында тегерек стол маеги болуп өттү

Микрокаржылоо секторун андан ары өнүгүшүнө дем берүү, орун алып турган маселелерди чечүү, учур талабын аткаруу жана рынок катышуучулары менен биргеликте ушул маанилүү маселени чечүү өкүлчүлүктүү ушул иш-чаранын негизги темасынан болгон. Секторду андан ары өнүктүрүүнү караган жаңы программалык документти даярдоо зарылчылыгы маселеси да талкууланган. 

Тегерек стол маегинин жыйынтыгында Улуттук банктын жана башка тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобун түзүү боюнча макулдашууга жетишилген. Аталган топ талкууга алынган актуалдуу маселелерди жана сунуш-пикирлерди кылдат кароого алып, жаңы программалык документтин долбоорун даярдоого тийиш.  

Улуттук банк микрокаржылоо секторунун социалдык жана экономикалык көз караштан алганда маанилүүлүгүн эске алуу менен банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана кызыкдар болгон тараптарды программалык документти иштеп чыгууга жигердүү катышууга чакырат. Ушул маселе боюнча сунуш-пикирлерди Банктык эмес финансы-кредит мекемелер ассоциациясына жана Улуттук банкка жөнөтүү зарыл».