Кыргыз Республикасы - Global Inclusion Awards 2016 сыйлыгынын финалисти 

2016-жылдын 28-ноябрында Швециянын Стокгольм шаарында Global Inclusion Awards 2016 сыйлык берүү аземи болуп өттү. Бул иш-чара «Child and Youth Finance International» (CYFI) эл аралык биримдиги тарабынан демилгеленген. Ага Европа жана Борбордук Азиядан 50 ашуун өлкө катышып, Country Award категориясы боюнча номинал-финалист катары финансылык сабаттуулук тармагындагы 2015-жылдагы жетишкендиктери үчүн Кыргызстан, Армения жана Бельгия өлкөлөрү таанылган. Кыргыз Республикасы финансылык билим берүү тармагында өзүнүн ишмердүүлүгүн күчөтүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгесинин негизинде финансылык билим берүү боюнча балдарга жана жаштарга багытталган программа даярдалып баштаган.  

Маалымат үчүн: 

Жылдык сыйлык тапшыруу аземи Global Inclusion Awards бул жаш муундарга финансылык билим берүү жаатында жетишкендиктерди арттырууга, аларга финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, улуттук, аймактык жана эл аралык денгээлдеги жаштар арасында ишкердикти колдоонун маанисин баса белгилеген CYFI уюму тарабынан демилгеленген. CYFI жыл сайын дүйнөнүн 130 ашуун өлкөлөрүндө “Дүйнөлүк акча жумалыгын” («Global Money Week») өткөрүп келет. Акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстан боюнча бул компанияны Улуттук банк алып барууда.  

Толук маалыматты ушул шилтемеден караңыз www.childfinanceinternational.org