«Жаш кесипкөй адистер» программасынын жыйынтыгы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын февраль айынан тартып өлкөнүн борбордук банкынын иш процессинде түздөн-түз катышуусу аркылуу банк ишине аралашуу үчүн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жана жаш адистер үчүн «Жаш кесипкөй адистер» программасын ишке киргизген.  

Сынак 3 баскычтан туруп, анын жыйынтыгы боюнча 122 талапкердин арасынан 30 талапкер Улуттук банкка 8 ай бою тажрыйбалык такшалуудан өтүү үчүн кабыл алынган. Тажрыйбалык такшалуунун жыйынтыгы боюнча 23 жаш адис тийиштүү упай топтоп, борбордук банктын кадрлар резервине киргизилип, алардын ичинен 14 бүтүрүүчү Улуттук банкка ишке кабыл алынган.  

Мындан ары да Улуттук банк “Жаш кесипкөй адистер” программасы боюнча ишти үзгүлтүксүз уланта бермекчи.