Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги - сомдун графикалык символу  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилди 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын графикалык символун жалпы колдонууга киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга, банктык эмес финансы-кредит мекемелерине, башка юридикалык жактарга, ошондой эле жеке адамдарга графикалык символду өндүрүштө, товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр рыноктору боюнча жарнамаларды, маалыматтык материалдарды даярдоодо, жайгаштырууда жана жайылтууда, ошондой эле башка максаттарда өлкөнүн расмий акча бирдиги - сомду билдирген белги катары колдонууну сунуштайт.  

Сүрөт. Улуттук банк тарабынан бекитилген графикалык символу сом белгиси.