Улуттук банк өзүнүн расмий веб-сайтынын «Банк жөнүндө» / «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкуу үчүн долбоорлор» бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга алынышы үчүн жайгаштырылгандыгын республиканын кредиттик союздарына, микрокаржылоо уюмдарына жана алмашуу бюролоруна маалымдайт. 

Долбоор, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын колдонуудагы банктык мыйзамдардын алкагында өркүндөтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери тууралуу» мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Улуттук банк долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2017-жылдын 28-мартынан кечиктирбестен aisaeva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.