Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү 

 

2017-жылдын 24-февралында Улуттук банкта Кыргыз Республикасында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2016-2020-жылдарга каралган программаны ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү.  

Отурумга Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Отурумду ачып жатып, Толкунбек Абдыгулов Координациялык кеңештин маанилүүлүгүн жана өз учурунда түзүлгөндүгүн баса белгиледи. «Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ар кандай иш-чараларды жүзөгө ашырууда уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү зарылчылыгы буга чейин келип жеткен эле. Ошондуктан, ушул орган түзүлүп, анын алкагында биз бул багытта ишти натыйжалуу жана ыкчам координациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бул иш-чаралардын таасирдүүлүгү коэффициентин алда-канча арттырып, кайталоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу аркылуу аймактарды камтуу чөйрөсүн кеңейтет» - деп белгиледи Т. Абдыгулов. 

Отурумдун алкагында аталган программанын биринчи баскычында ишке ашырылууга тийиш болгон иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу  2016-жылдын экинчи жарым жылдыгы боюнча отчет кароого алынып, орун алган көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана Координациялык кеңештин алдында иш алып баруучу жумушчу топтун курамы бекитилди.  

 

Маалымат үчүн: Координациялык кеңеш, Программанын талабын жүзөгө ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана башка катышуучулардын күч-аракеттерин бириктирүү жана ушул иш багытын координациялоо аркылуу аны натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы №60 буйруусуна ылайык 2016-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында болуп өткөн тегерек стол маегинин катышуучуларынын демилгеси боюнча түзүлгөн. 

Координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Социалдык фонддун, Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин, “Кыргыз банктар бирлиги”, “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмелеринин, “Кыргыз Фондулук Биржасы” ЖАКтын, “Кредиттик маалыматтарды пайдалануучулар ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмесинин, Эл аралык финансылык корпорациянын, Германия эл аралык кызматташуу коомунун, Бириккен Улуттар уюмунун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондусунун, Германиянын Борбордук Азиядагы эл аралык кызамтташуу боюнча аманат кассалары фондусунун,  Өнүктүрүү саясаты институтунун, Финансылык компания “Сенти” ЖЧКсынын өкүлдөрү кирет.