Улуттук банкта мамлекеттик органдардын жетекчилери Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун өкүлдөрү менен финансылык сабатуулукту жогорулатуу маселелерин талкуулашты 

 

2017-жылдын 27-мартында Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун финансылык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Флоре-Энн Месси менен жолугушуусу болду.  

Жолугушууга ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбектов, башка мамлекеттки түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышып, анда Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси талкууга алынды..  

Жолугушуу учурунда Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму менен Финансылык билим берүү жагында эл аралык түйүндүн КМШ өлкөлөрүндө финансылык билим берүү боюнча биргелешкен долбоорунун бет ачаары болуп, ушул багытта мындан ары кызматташуу маселеси талкууланды