Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 27-мартында эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 28-мартынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция болжолдонгон маани чегинде акырындап жогорулоого ык коюуда. 2017-жылдын март айында (17сине карата) инфляция жылдык туюндурууда 2,6 пайыз чегинде катталган. Тамеки заттарына акциздердин жогорулатылышы менен бирге эле, азык-түлүк товарларына баанын оң динамикасы орун алып турган инфляцияга салым кошкон.  

Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк ичтен керектөөнүн бара-бара калыбына келиши менен колдоого алынууда. 2017-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш көрсөткүчү 5,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Мааниси акча-кредит саясаты үчүн орчундуу көрсөткүч болуп саналган “Кумтөр” алтын кен ишканаларынын маалыматтарын эске албаганда, экономиканын өсүшү 3,6 пайызды түзгөн. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн алгылыктуу өнүгүү арымы сакталууда.  

Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталууда. Жыл башынан бери (25-мартка карата) сом 0,5 пайызга чыңдалган. Март айында Улуттук банк ички валюта рыногуна катышкан эмес.  

Акча-кредит шарттарын басаңдатуу жагында буга чейин көрүлгөн чаралар акча рыногунда улуттук валютадагы кыска мөөнөттүү пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн, бул экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн шарттарды түзгөн. Учурда чендер Улуттук банк белгилеген пайыз чегинде өзгөрүп турууда.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, тышкы экономикалык чөйрөнүн жана экономиканын мындан ары өнүгүшүнө күндөлүк баа берүүгө таяна турган болсок, инфляция арымы 2017-жылдын акырына карата 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген максаттуу көрсөткүчкө жакындашат. Ушундай жагдайда, ошондой эле тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаган шартта, эсептик чендин ушул деңгээлде сакталышы экономиканын өсүш арымын колдоого өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорго баа берип туруу менен тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму 2017-жылдын 29-майына пландаштырылган.