Улуттук банк Башкармасынын чечими менен төмөнкү маселелерди камтыган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" долбоор жактырылып, коомдук талкууга сунушталды: 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын операциялары боюнча аффилирленген жана байланыштуу жактарга карата минималдуу талаптар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

Долбоорлор, ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий веб-сайтынын "Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоорлор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 28-майынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.