«Финансылык сабаттуулук боюнча мыкты сабак» республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды 

 

Кыргызстанда 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейин белгиленген Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук банк тарабынан уюуштурулган “Финансылык сабаттуулук боюнча мыкты сабак» республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.   

Сынакка республиканын бардык аймактарынан 390 мектеп катышып,  комиссиянын кароосуна  мыкты деп таанылган 7 эмгек сунушталып, жыйынтыгында Талас районунун Көк-Ой айылындагы Т.Кушчубаева атындагы орто мектептин мугалими Г.Кыдыралиеванын “Бүткүл дүйнөлүк акча” темасында даярдаган иши биринчи орунга, экинчи орунга Шопоков шаарчасындагы №2 мектеп-гимназиясынын мугалими С.Момуналиеванын “Акча жана акча жүгүртүү” темасын чечмелеген эмгеги татыктуу болгон болсо, үчүнчү орун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач орто мектебинин мугалими О.Надбагинанын “Үй-бүлө бюджети жана чөнтөк акчалар” темасын козгогон эмгегине ыйгарылган. 

Талас областынын М.Козубеков атындагы орто мектебинин мугалими Г.Асанованын “Акча бирдиктерине элеси түшүрүлгөн улуу инсандар” аталышындагы өзгөчөлөнгөн эмгегине Улуттук банктын атайы сыйлыгы тапшырылды. 

Сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде өтүп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Дуйнөлук Банктын тобунун өкүлү Фатима Эшимбекова катышып, жеңүүчүлөргө баалуу жана кызыктыруучу белектерди ташырган.