Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаева нак эмес эсептешүүгө өтүү жана аларды чечүү маселелерине арналган мониторингге катышты 

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны аткаруунун алкагында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаева, Төлөм системалары башкармалыгынын кызматкерлери «Айыл Банк» ААКсынын жана «РСК Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагаларынын орун басарлары менен биргеликте 2017-жылдын 18-19-майында Нарын жана Ыссык-Көл областтарынын алыскы аймактарында банктык жабдуулардын (банкоматтар, пос-терминалдар) орнотулгандыгына, аймактарда нак эмес эсептешүүгө өтүү жана аларды чечүү маселелерине мониторинг жүргүзүлдү

Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчилери, ошондой эле Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын акими менен жолугушуу өткөрүлүп, алыскы аймактарды банктык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. 

Жолугушуу учурунда жергиликтүү жетекчилик жана Ак-Талаа районунун акими Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы почта бөлүмүнө банктык карт аркылуу нак акчага айландыруу үчүн «РСК Банк» ААКсынын пос-терминалы орнотуулушу, ошондой эле Нарын областынын Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Айыл Банк» ААКсынын банкоматы орнотуулушу жөнүндө маалымдалган. Бул чечим пилоттук долбоор катары каралат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган шартта, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын макулдашуусу менен, почтанын башка алыскы аймактардагы бөлүмдөрүнө да пос-терминалдар орнотулат.