Улуттук банкта AAOIFI стандарттары талкууланды 

 

Мындан ары да ислам каржылоону өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн 2017-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредиттик мекемелерине AAOIFIнин башкы катчысы жана эксперттердин катышуусу менен расмий тилге которулган AAOIFI шариат стандарттарынын презентациясы өттү. AAOIFIнин өкүлдөрү менен өткөн жолугушуунун натыйжасында шариат стандарттарын жактырып Кыргыз Республикасында колдонуу жана ошондой эле Улуттук банктын AAOIFI уюму менен кызматташуу боюнча маселелери талкууланды. 

 

Маалымат үчүн: 

AAOIFI бул, 1991-жылы дүйнө жүзү боюнча ислам финансылык мекемелердин ишин ыңгайлаштыруу максатында түзүлгөн эл аралык уюм. Бул уюмдун негизги максаты ислам финансылык тармагы үчүн шариат, бухгалтердик жана жөнгө салуу стандарттарын иштеп чыгуу. Шариат стандарттары ислам банктары жана башка ислам финансы рынокторунун катышуучулары үчүн келишимдерди түзүүдө жана бүтүмдөргө келишүүдө укуктук шарттарды белгилейт. AAOIFI шариат кеңешинин курамына ислам укугу чөйрөсүндөгү алдыңкы окумуштуулар кирет, алар дүйнөнүн ар кайсы шариат банктарындагы шариат комитеттерин башкарат.  

Бул стандарттар дүйнөнүн ислам финансы тармагында кеңири колдонулуп келет жана алар мыйзам чыгаруу органдарын, жөнгө салуучуларды, финансы мекемелерин жана юридикалык компания, бухгалтердик жана консалтингдик фирмалар сыяктуу башка кесипкөй уюмдарды, ошондой эле университеттерди, окуу жайларды, изилдөө борборлорун жана фатфа чыгаруу уюмдарын кошо алганда, рынок катышуучулары үчүн маанилүү шариат көрсөткүчүнөн болуп саналат.