Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин талаптарын аткарбагандыгы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын систематикалык түрдө бузугандыгы үчүн, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 2017-жылдын 22-июнунда "Кудаяр хан" кредиттик союзунун 2001-жылдын 17-августунда берилген №292 лицензиясын, 2017-жылдын 27-июнунан тартып кайтарып алуу тууралуу чечимин кабыл алган.  

"Кудаяр хан" кредиттик союздун юридикалык дареги: Чуй облусу, Аламүдүн району, Больничная атындагы көчө, 49/1-үй. 

"Кудаяр хан" кредиттик союздун айкын дареги: Бишкек Ш., Широкая көч., 5б. 

Кредиттик союз жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин токтому менен Бишкек шаары, Умөталиев атындагы көчөсү, 101 дареги боюнча таанышууга акысы бар. Маалыматтар 66 92 59 телефон боюнча берилет.