Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

 

Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 27-июнунда эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 28-июнунан тартып күчүнө кирет. 

Учурда түптөлгөн инфляция Улуттук банк болжолдогон маани чегинде сакталып калуу менен акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыз чегинде аныкталган максаттуу көрсөткүчүнүн төмөнкү чегине жакындашкан. 2017-жылдын июнь айында (16на чейин) инфляциянын жылдык мааниси 4,4 пайызды түзгөн. Ички суроо-талаптын бара-бара калыбына келиши өлкөдөгү инфляциялык процесстерге таасир этүүдө. Жашылча жемишке жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын жылдык өсүш арымынын жогорулоосу айкын инфляциянын түптөлүшүнө негизги салым кошкон.  

Кыргыз Республикасынын экономикасында алгылыктуу тенденциялар байкалууда. 2017-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанган. «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ички дүң өнүм 2,9 пайызды түзгөн. Ичтен керектөө да калыбына келип жатат. Экономиканын негизги тармактарында дагы өндүрүштүн өсүшү байкалууда. Экономикага улуттук валютада кредит берүүнүн артышы, ошондой эле улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валюталарында сунушталган кредиттер боюнча пайыздык чендердин кыскаруу жагына ыкташы өндүрүштүк потенциал көрсөткүчүнүн жакшыруусуна таасир эткен факторлордун биринен болууда.  

Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталууда. 2017-жылдын баш жагынан бери сомдун чыңдалуусу 0,9 пайыз чегинде катталган (22-июнга карата). 2017-жылдын июнь айында Улуттук банк ички валюта рыногуна катышкан эмес.  

Акча-кредиттик шарттарды жеңилдетүү боюнча мурдатан бери жүргүзүлүп келген саясат экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүү чараларын колдоого алып, түпкү карыз алуучулар үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендердин кыскарышына таасир этип, кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Негизинен, банктар аралык акча рыногу бош турган ликвиддүүлүк жогорку деңгээлде экендиги менен мүнөздөлүүдө. Бул улуттук валютадагы акча рыногунун чен динамикасын аныктап, ал Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыз чегинде өзгөрүлүүдө.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, 2017-жылдын акырына карата инфляция мааниси 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген орто мөөнөттүк чегинде түптөлөт. Ушул шартта, ошондой эле тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаса, Улуттук банктын эсептик ченинин ушул деңгээлде сакталышы экономикага өбөлгө түзүүчү чараларга андан ары колдоо көрсөтөт.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга таасирине мезгил-мезгили менен баа берип туруу аркылуу тиешелүү акча-кредит саясатынын чараларын көрүүнү улантат. Акча-кредит саясатынын учурдагы багыты тышкы таасирлер орун албаган шартта, кийинки мезгилде да сакталып калат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2017-жылдын 28-августуна пландаштырылган.