Өкмөт үйүндө 2017-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомство аралык комиссиянын чейректик отуруму Улуттук банктын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаеванын жетекчилигинде өтүп, ага республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун, коммерциялык банктар жана бизнес секторунун өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшү талкууланган.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаева тарабынан Жалал-Абад, Ош областтарында, ошондой эле республиканын башка областтарында алыскы региондордун банктык карт ээлерин талаптагыдай тейлөөгө алуу үчүн ПОС-терминалдарды орнотуу долбоорун өздөштүрүүдө «РСК Банк» ААКсынын жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын алгылыктуу иш тажрыйбасын пайдалануу сунушталган. Алгачкы долбоор 2017-жылдын 24-майында Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жөнгө салынып, аталган айыл калкын POS-терминал аркылуу «Элкарт» төлөм картынан нак акча каражатына айландыруу ыңгайлуулугуна өбөлгө түзүлгөн. Ал эми бул, эмгек акыны жана пенсияларды төлөө дегенди түшүндүрөт. Алгачкы долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышынан улам республиканын алыскы региондорунан төрт айылдын калкы кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнө кызыгуусун билдирген. 

«Элкарт» улуттук төлөм картын өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу жагында аткарылып иш алкагында «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан мобилдик тиркемени колдонууга киргизүү жыйынтыкталып жаткандыгын жана ал аркылуу «Элкартка» ээ болгондор мобилдик телефондор аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүп, салыктарды жана айыптык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышарын белгилеп кетүү зарыл. 

Отурумдун жүрүшүндө чектүү сумманы белгилөө жагында норманы мыйзамдык негизде кароо маселеси талкууланган. Юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда ошол чектен ашкан төлөмдөр нак эмес формада ишке ашырылууга тийиш экендигин белгиленген. 

Эскертүү: 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программа мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө төлөмдөрдү жүргүзүүгө бюджеттен чыгашаларды нак эмес формада ишке ашырууга, калайык-калктын жана чарба жүргүзүүчү субьекттердин төлөмдөрдү нак эмес формада ишке ашыруусуна, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү боюнча мыйзамдык негиздерди өркүндөтүү, нак эмес төлөм багытын өнүктүрүү үчүн төлөм инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар топтому каралган.