Улуттук банк Башкармасынын чечими менен “Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө” жобонун долбоору коомдук талкууга сунушталды.
Долбоор, алынган маалыматтарга кылдат мониторинг жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн коммерциялык банктардын отчетторун кыскартуу жана тактоо максатында иштелип чыккан.
Долбоор коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын “Улуттук банктын ченемдик актылары//Талкууга сунушталган долбоорлор” бөлүгүндө жайгаштырылган.”.
Улуттук банк долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбестен сунуштоону жана rbo@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.