Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 24-августундагы №32/1 токтому менен төмөнкүдөй айрым токтомдорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, атап айтканда:  

1) 2004-жылдын 28-октябрындагы № 24/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу»; 

2) 2014-жылдын 12-июнундагы № 20/4 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар үчүн бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу». 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү дареги боюнча жайгаштырылган:  

- www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Ченемдик укуктук актылар/Банк эмес финансы уюмдарынын ишин жөнгө салуу.