Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда өз ишин жүргүздү 

 

2017-жылдын 7-сентябрынан тартып 13-сентябрга чейин Кыргыз Республикасында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы өз ишин жүргүздү

Өлкө экономикасында акыркы тенденцияларды талкуулоо, IV берене боюнча консультацияларды акырына чыгаруу жана ЭВФтин кеңейтилген кредиттик механизмдин (ECF) алкагында экономикалык программаны ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү колдоо ЭВФтин миссиясынын негизги максаты болду. 

Бул иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. 

 

Маалымат катары: 

2015-жылдын апрель айында ЭВФтин Аткаруу кеңеши тарабынан кеңейтилген кредиттик механизмдин (Extended Credit Facility, EСF) алкагында 66,6 млн атайы карыз алышуу укугуна (болжол менен 92,4 млн АКШ доллары) барабар болгон суммада Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын колдоо боюнча жаңы үч жылдык келишим кабыл алынган. Орто мөөнөттүү келечекте макроэкономикалык туруктуулукту жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аталган программанын максаты болуп эсептелинет.