Илимий эмгектер сынагынын катышуучуларын сыйлоо 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесинин урматына жана жаш адистерди, студенттерди илимий изилдөө ишине тартуу, алардын банк ишине, илим менен тажрыйбага аралашуусуна өбөлгө түзүү максатында, студенттер, магистранттар жана бүтүрүүчүлөр арасында мыкты илимий эмгекке сынак жарыяланган.  

Баардыгы болуп сынакка республиканын жогорку окуу жайларынан беш илимий эмгек сунушталган. 

Баа берүү комиссиясынын курамына Улуттук банктын өкүлдөрү, ошондой эле академиялык мекемелердин өкүлдөрү Кыдыралиев С.К. (БААУ), Тилекеев К.А. (БАУ), Эсеналиев Д.С. (SIPRI, Швеция) кирген. 

Комиссия тарабынан катышуучулардын илимий-изилдөө эмгектери кароого алынып, анын жыйынтыгы боюнча жаш адистер төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушкан: 

1. Жолдошбеков Тилек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү, «Тышкы соода жана экономикалык өсүш ортосунда өз ара байланыш: Кыргызстандын мисалында» илимий эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкноталык акрил блогу. 

2. Абакиров Шерали, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү, «Кыргызстанда инфляция, акча массасы жана бюджет тартыштыгы ортосунда өз ара байланыш» илимий эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкноталык акрил блогу. 

3. Бектурсун кызы Сузана, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү, «Кредиттердин долларлашуусу Кыргызстандын коммерциялык банктарынын валюталык тобокелдиктер детерминанты катары» илимий эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкноталык акрил блогу. 

4. Ташиева Сайрагүл, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү, «Кыргызстанда банк секторунда кредиттик тобокелдикке таасирин тийгизүүчү факторлор» илимий эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкноталык акрил блогу. 

5. Мамытбеков Эмир жана Туйбаев Бектур, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору үчүн онлайн режиминде маалыматтарды өткөрүү каралган контролдук-кассалык машиналар механизмин ишке киргизүүгө талдап-иликтөөлөр» илимий эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкноталык акрил блогу

Улуттук банк бардык катышуучуларды чын дилинен куттуктоо менен мындан ары да жаш адистерге ийгиликтерди каалайт.