Улуттук төлөм системаларынын өнүгүшүн координациялоо боюнча жумушчу топтун үчүнчү отуруму 

 

Армения Республикасынын Ереван шаарында 2017-жылдын 21-ноябрында Улуттук төлөм системаларынын өнүгүшүн координациялоо боюнча жумушчу топтун үчүнчү отуруму болуп өттү.  

Отурумга Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын, Армения Республикасынын жана Россия Федерациясынын борбордук (улуттук) банктарынан жумушчу топтун мүчөлөрү катышкан.  

Иш-чаранын жүрүшүндө 2017-жылдын 2-жарым жылдыгында төмөнкү багытттар боюнча аткарылган иш жыйынтыктары талкууланган:  

- улуттук төлөм карттарын интеграциялоо; 

- финансылык билдирүү форматтары боюнча эл аралык стандарттарды жайылтуу (ISO 20022 стандарты); 

- финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү

- финансылык технологияларды өнүктүрүү.  

 

Мындан тышкары, киберкоопсуздук жана оперативдүү маалыматтар менен алмашуу жагында кызматташтыкты жөнгө салуу маселелери каралган.  

Отурумдун жыйынтыгында жумушчу топтун 2018-жылга карата иш планы бекитилген.