Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө» долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоордо «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» Жобонун 2.3 «Мурабаха» бүтүмү главасына өзгөртүү киргизүү каралган. 

Бул долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын Ченемдик актылар/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоорго карата сунуш жана пикирлерди 2017-жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен, eaidarov@nbkr.kg электрондук дареги боюнча берүүңүздөрдү өтүнөт.