Расмий маалымат 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 7-декабрынан тартып «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» коллекциялык күмүш жана жез-никель монетасын жана «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Каркыра» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.  

«Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» коллекциялык монетасы бул, «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы бешинчи монета, ал Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170-жылдыгына арналган.  

Монетанын алдыңкы бетинде локалдык оксиддирлөө технологиясын колдонуу менен шайма-шай куралданган жоокер элеси түшүрүлгөн. Монетанын четинде тегерете: «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» жазуусу, сол жагында монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылган. 

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, гербди тегерете курчап турган күн жана жоокерлер элеси чагылдырылган. Монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925є), ал эми оң жагында - салмагы (28,28) көрсөтүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Кыргыз каганаты» деген жазуу жазылган, ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2017) берилген. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Каркыра» коллекциалык монетасын, сейрек кездешүүчү, өзгөчөлөнгөн жашоо принцибин тутунган канаттуулар дүйнөсү жөнүндө кеңири маалымат таркатуу жана алардын коргоого алынышын камсыз кылуу максатында чыгарган. 

Монетанын алдыңкы бетинде алтын түстө берилген каркыранын сүрөттөлүшү, анын фонунда бийлеп жаткандай сезим калтырган каркыралар тобунун элеси түшүрүлгөн. Жогору жагында монетанын кыргыз тилиндеги («Каркыра») жана латын тилиндеги аталыштары («Anthropoides virgo»), ал эми төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын оң жагында металл пробасы (Ag 925є) жана салмагы (28,28 г) көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөн жагында «Кыргызстандын Кызыл китеби» жазуусу, сол жагында монета чыгарылган жылы (2017) түшүрүлгөн.  

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган. Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңычактарга салынган. 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү

Аталышы 

Номиналы 

Металлы (сапат белгиси) 

Диаметри/ өлчөмү (мм) 

Салмагы (г) 

Сапаты 

Нускасы (даанасы) 

Сатуу баасы 

(сом) 

Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери 

10 сом  

Күмүш 925° 

38,61 

28,28 

«Proof-like» 

1 000 

3 000 

1 сом 

Жез-никель 

30,00 

12,00 

«Uncirculated» 

5 000 

200 

Каркыра 

10 сом 

Күмүш 925° 

38,61*28,81 

28,28 

«Proof» 

1 000 

3 150 

 

 

Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.