1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсы тарабынан Ички аудит бѳлүмүнүн начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Добаев Максат Зоотбаевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин 2018-жылдын 11-январында кабыл алды; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Бай Түшүм” Банкынын ЖАКсы тарабынан Башкарманын Тѳрагасы кызмат ордуна сунушталган Ишенбаев Максатбек Бейшенбековичтин макулдук берүү чечимин 2018-жылдын 11-январында кабыл алды; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ААКсы тарабынан кредиттөө башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарманын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Кагиров Руслан Зайндиевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин 2018-жылдын 11-январында кабыл алды.