Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыккандыгын жана анда төмөнкүлөр камтылгандыгын билдирет: 

- тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоо боюнча талаптар менен толуктоо, атап айтканда, тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоо саясаттарын жана процесстерин иштеп чыгуу, тобокелдиктер боюнча лимиттерди өлчөө, аныктоо, тескөө жана аныкталган тобокелдиктер боюнча лимиттерди банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалымдоо, ошондой эле Банк Башкармасы жана Тобокелдик-менеджменти кызматы менен бирге банктын тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоо үчүн банктын Директорлор кеңешинин жоопкерчилигин күчөтүү

- Тобокелдик-менеджменти кызматынын отчетторун Тобокелдик боюнча комитетке бир айда бир жолу, Директорлор кеңешине үч айда бир жолу сунуштап туруу аралыгын өзгөртүү

- «Тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоо боюнча ички документи» жана «Банктын тобокелдик профили» сыяктуу аныктамалар менен толуктоо; 

- коммерциялык банктарга кредиттик страгенияны иштеп чыгуу жагында минималдуу талаптарды белгилөө

- макроэкономикалык тобокелдиктерди эске алуу менен өлкөлүк жана рыноктук тобокелдиктерди тескөө талаптарынын таасирин күчөтүү

техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү ошондой эле, карама-каршы келген нормаларды, талаптарды алып салуу. 

Ошентип, аталган долбоор төмөнкү ченемдик укуктук актыларга сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыйт: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнунда № 19/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнунда № 19/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Улутутк банк, жогоруда белгиленген долбоорго карата сунуштарды жана сын-пикирлерди 2018-жылдын 26-мартынан кечиктирбестен сунуштоону aiymanalieva@nbkr.kg жана asadykov@nbkr.kg электрондук дарегдерине жөнөтүүнү өтүнөт.