Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү айрым ченем укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу долбоорун коомдук талкууга сунуштайт: “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобо”. 

Долбоор Улуутук банктын расмий интернет-сайтында “Улуттук банктын ченемдик актылары” / “Талкууга сунушталган долбоорлор” бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 3-апрелинен кечиктирбестен tmatveeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.