Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018-жылдын 28 - февралында №2018-П-12/7-8-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. 

Ликвиддүүлүк ченемин, аны менен бирге кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин, ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин эсептөөгө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондой эле, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттер көлөмүнө тиешелүү да өзгөртүүлөр камтылган. 

Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк ишин жөнгө салуу жана www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык эмес финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу дареги боюнча жайгаштырылган.