Кыргызстанда балдарга финансылык сабаттуулук жөнүндө маалымат «Керемет көч» анимациялык фильми аркылуу да берилет 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) 2018-жылдын 17-мартында «Тунгуч» жаштар театрында улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Дүйнөлүк акча жумалыгына карата «Керемет Көч» балдар фильминин атайы сериясын жаш көрүүчүлөрдүн кароосуна сунуштады.  

Балдарга мультфильмдин жаңы сериясы тартууланып, анын башкы каармандары - Актан менен Акылай жөнөкөй жана жеткиликтүү жалпак тил менен акчанын баалуулук экендиги, улуттук валюта, үй-бүлөө бюджети тууралуу баяндап беришип, акчага карата аяр мамиле жасоо эрежелерин түшүндүрүштү.  

Кызыктуу мындай иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, өлкөнүн борбордук банкы балдардын финансылык билимин жогорулатууга айрыкча көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи. «Учурда финансылык каражаттарды туура пайдалануу, компьютердик сабаттуулук ыкмаларын өздөштүрүү сыяктуу эле, турмуштук зарыл инструментке айланды», - деп белгиледи Т.Абдыгулов. 

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо айым бардык курактагы жаш балдарды акчаны туура колдоно билүү ыкмасына окутуунун жана бул багытта маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Финансылык сабаттуулук чоңдор үчүн гана эмес, жаш балдар үчүн да өзөктүү тема. Кандай багытта болбосун окутууну жаш кезинен баштоо ар бир өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү”, - деп белгиледи ал. 

 

Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) дүйнөнүн 190 өлкөсүндө кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүү максатында иш алып келет. 1994-жылы ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстанда жүргүзүп жаткан иши тууралуу ырааттуу толук маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан алууга болот.  

Балдар үчүн каралган «Керемет Көч» фильми жогоруда аталган Балдар фондусу тарабынан түзүлгөн жана 11 жылдык иш натыйжасында фильмдин 400гө жакын сериясы чыгарылган.