Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 токтому менен бекитилген “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо талабына ылайык, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын реестринде «Барс мани» ЖЧКсы катталды. 

«Барс мани» ЖЧКсына 2018-жылдын 20-апрелинде төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашырууга лицензиялар берилген: 

№ 3023200418 маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасынан болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү, эсептешүүлөргө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

№ 2023200418 үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) кызмат көрсөтүүлөрүн төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.